Уран казабыз деп Россиялык инвесторлор күйүп кетеби?

22.04.2019, 11:13 Акчабар
Уран казабыз деп Россиялык инвесторлор күйүп кетеби?

Интернетте жарандык активисттер уран кенин иштетүүгө каршы онлайн түрдө кол чогултуп жатышат. Алар  Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Таш-булакта уран кенин казууга каршылыгын билдирүүдө. Анткени, бул экологияга чоң зыян. 

«Ысык-Көл бул —биосфердүү территория, анын  чеги областын чеги менен дал келет. Андыктан, кандай кен казуу болбосун грунттук жана абанын курамына таасир этиши толук ыктымал. Ал эми кен иштеүүдөн кийин аны кайра баштапкы калыбына келтирүү  анын долбоордук баасынан беш эсе жогору болот. Эгерде мамлекет уран казуудан миллиард киреше тапса, аны кайра калыбына келтирүүгө  беш миллиарддан  он миллиарддга чейин каражат талап кылынат. Ошондой эле, убакыт фактору дагы бар. Андан сырткары бул туристик аймак экенин дагы эске алуу керек. Уран казуу бул өтө кооптуу өндүрүрүш», — деп жазылган электрондук петицияда .

Бул маалыматы жазып жатканда ага кол когондордун саны 9 миң 226 адамдан ашкан. А кол койгон адамдардын саны улам-улам өсүүдө. 

Ушул эле убакта, Бишкекте 15 жарандык активист уранды казууга каршы митингге чыгышты. бул тууралуу Аманбол Бабакулов социалдык баракчасына жарыялады.

Балыкчы шаарынан келген жарандар эл менен уран казууга эч кандай макулдук болбогонун билдирип, ага каршы экенин айтышууда.  

«Майда уранга каршы ири каршылык акциялары уюштурулат», — деп билдирди Аманбол Бабакулов.

Эскерте кетели, ушул жылдын март айында  РФ президенти Владимир Путиндин  иш сапары алкагында «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мейкиндиктери менен  интеграция» аталышындагы   кыргыз-орус  аймактар аралык VIII-конференцияда «Борбордук-Азия уран компаниясы» (Россия) менен «КГРК» ААК  ортосунда $30 млн келишим түзүлгөн. Кошумча каражаттар тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө жана жалпы бул тармакты жакшыртууга багытталган.  Негизги каражат  Ысык-Көлдөгү уран кенин казууга, Кара-Балта тоо-кен комбинатын модернизациялоо жумшалуусу каралган. Уран казууга камынган «Борбордук-Азия уран компаниясы»  жетекчиси, анда Владимир Попов республикага уран казууга инвестиция салуудан кооптонбойм деп билдирген.

Маалымат үчүн:

Кызыл-Омпол уран кенинде 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Тэги: урановое месторождение петиция Россия инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу