Россияны валюталык манипуляция жасады деп шекшиди

10.05.2019, 08:56 Акчабар
Россияны валюталык манипуляция жасады деп шекшиди

АКШ финансы министрлиги Россияны  пайда табуу үчүн валюталык манипулацияга барган өлкөлөрдүн катарына киргизүү керек деп чыгышканын Bloomberg жазды. 

Ар бир жарым жылда жаңыртылган тизмеге  учурда 12 мамлекет кошулууда. Жакын арада АКШ жаңыртылган тизмнени жарыялоонун алдында турат. Анда тизме 20 мамлекетке жаңырышы мүмкүн. 

Айрым мамлекеттер  бир критерий сактабагандыгы үчүн тизмеге киргизилип жатат. Россия менен  катар бул кара тизмеге  Вьетнам, Индонезия, Ирландия, Малайзия менен Таиланд кирет. Анткени алар АКШ  менен соода баласында ири профицит болгону себепчи. Ушул эле учурда,  Индия  менен Түштүк Корея документтен чыгарылат. 

Тизмеге кирүү эч кандай юридикалык кесепеттерге туш болбойт. Бирок, АКШ валюталык манипуляцияга барга мамлекеттер менен сүйлөшүүгө барат. Ошондой эле, бул мамлекеттер рыноктук кесепеттерге тушугушу толук мүмкүн.  

Апрелде АКШ президенти  Дональд Трамп Twitter баракчасында, Россия менен Китай «валютанын девальвация жасоого ойноп жатышат» деп шекшип, андай кадамга барууну сындап чыккан. 

Ошол эле мезгилде, Россия  экономикалык санкцияларга карата доллардык  эсептөөлөрү кыскарып  12.6%, а эми  сырткы соодада евро менен рублдин катнашы өскөнүн 14% дан  26.6% жеткени маалымдалган. 

Тэги: валюта доллар Россия США Китай экономика финансы манипуляции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу