Садыр Жапаров расмий түрдө экономикалык амнистия жарыялады

21.10.2020, 15:10 Акчабар
Садыр Жапаров расмий түрдө экономикалык амнистия жарыялады

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров расмий түрдө өлкөгө экономикалык амнистия жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта Жапаровдун алдыда жасай турчу иштери камтылган: 

- мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу,

- өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу,

- оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү,

- көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу,

- ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү,

- макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү,

- өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу,

- мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

 

Андан сырткары, өкмөт башчы бул иштерди аткаруу үчүн 30 жылдан берки коррупционерлерге, мамлекеттин байлыгын ордуна коайтарууга 30 күн убакыт берерин билдирген. 

«Өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге – 30 КҮН УБАКЫТ БЕРЕМ!!!», - деп билдирген Жапаров. 

Эгерде коррупционерлер айтылган мөөнөттө мамлекеттен казынасынан алган байлыктарды кайтарса, административдик жана экономикалык кечиримдер болорун билдирген. 

 

«Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт», - деп билдирген өкмөт башчы.

Тэги: экономикалык амнистия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу