Сентябрда «Түндүк электр» бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн. сом чогултту

15.10.2019, 09:40 Акчабар
Сентябрда «Түндүк электр» бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн. сом чогултту

Сентябрь айында "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн сом чогултту, - деп билдирет аталган ишкананын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 335,2 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 млн. кВт.саатка көп.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 416,3 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 427,3 млн. сом (102,7 %) чогултулган.

Сентябрь айында көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу: калк арасында –99,9 %, бюджеттик уюмдардан –111,5 %, өндүрүштүк объектилерден- 103,6 %, башка керектөөчүлөрдөн -103,2 % жана айыл чарба объектилеринен –99,9 %га аткарылды.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй: Бишкекте төлөм чогултуу – 103,8 %, Чүй облусунда –100,9 %, Талас облусунда –105,6 %ды түзгөн.

 

Тэги: Сентябрь ААК Түндүкэлектр киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу