Август айында “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 346 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 16,9 млн. кВт.саатка көп.
“Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 442 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 453,7 млн. сом (102,7 %) чогултулган.
Август айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:
- калк арасында –107,1 %,
- бюджеттик уюмдардан –108,8 %,
- өндүрүштүк объектилерден- 100,4 %,
- башка керектөөчүлөрдөн -99,2 % жана айыл чарба объектилеринен –97,6 %га аткарылды.
Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:
- борбор калаабызда төлөм чогултуу - 102 %,
- Чүй облусунда –102,8 %,
- Талас облусунда –110,1 %ды түздү.