Салыкчылар жыл башынан бери бизнесте 3.7 миң бузууну аныкташкан

30.04.2019, 09:45 Акчабар
Салыкчылар жыл башынан бери бизнесте 3.7 миң бузууну аныкташкан

Салык кызматы 3 айда ишкерлерди текшерүү учурунда 3,7 миңден ашуун бузууну аныктады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында 10 миң 552 рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзгөн. Анын ичинен 6 миң 555 рейддик салыктык контроль, 3 миң 997 контролдук сатып алуу.
 

Рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзүү учурунда ишкерлердин иштеринде 3 миң 722 ар кандай бузуулар аныкталган, анын ичинде 1261 бузуу – контролдук сатып алуу учурунда.

Бузуулардын ичинен 913 субъектте уруксат документтери жок болсо, 537инде патенттин мөөнөтү өтүп кеткен, 229да контролдук-кассалык машина жок болгон, 74 субъект бузулган ККМди колдонгон, ал эми 899у чекти урбай же бербей койгондугу менен байланыштуу. Мындан тышкары, 4 субъектте акциздик маркалардын жоктугу же анын ылайык келбөөсү, 1066 – башка бузуулар аныкталган. 

Тэги: бизнес налоги нарушения экономика ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу