Эмнеге Казахстандан арзан бензин келбей жатат?

24.05.2019, 09:00 Акчабар
Эмнеге Казахстандан арзан бензин келбей жатат?

Учурда Кыргызстанга мунай затты Россия гана ташыйыт. Ошондуктан, ички рынокто мунай затына Россияга коз каранды болгондуктан, бааларды корректировка жасап келишет. Жагдайды жөнгө салуу үчүн мунай рыногуна дагы бир өлкөдөн нефти ташуу абалды өзгөртмөк. 

Эгерде мунай заттары эки мамлекеттен ташылса, рынокто бензиндин баасы азаймак. кыргызстан үчүн мунай затты Казахстан ташый алат. Былтыр үч мунай иштетүүчү заводдор курулган: Атыра НПЗ, Павлодар нефтехимикалык заводу менен  Чимкенттеги «Петро Казахстан Ойл Продактс»  ишканалары. 

Нефтини кайра иштетүүдөн  мунай өндүрүү 63-65% дан 78% жогорулаган. Заводдун жалпы кубаттулугу 2017-жылдагы  14.16 млн тонн өндүрүүдөн   16.6 млн тоннага  же  17% жогорулаган. Жаңыланган казак заводдору  К4 жана К5 мотор майларын дагы өндүрүүдө.

Заваддорду модернизациялоо Казахстандын ичики рыногун гана камсыз кылбастан, ашыкча мунай өндүрүлгөн. Аны Кыргызстан арзан баада сатып алса болот. Бирок, ЕЭЭБ киргендиктен Кыргызстан менен Казахстандын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлүшү керек. 

Мындай келишим Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бар дагы Казахстан менен жок. 

 2018-жылы октябрда Казахстан менен Кыргызстан мунай заттары боюнча келишим түзуп жатат деп жергиликтүү ММК билдирген. Бирок, анда дагы бир эле марка АИ-92 тууралуу соз болгон.  

Экономика министри Олег Панкратов кол коюлган келишимди комментарийлеп жатып, аз эле аракеткалды– үч тараптуу мунай балансы тууралуу келишим Россия, Казахсмтан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлүшү  керек деп айтып чыккан. 

Кыргызстандын ички рыногу  жылына  1.2 млн тонна мунай заттын  (ГСМ) колдонот. Муну толугу менен Россия камсыздайт. Эгер Казахстан рынокко кирсе, анда Россиянын көлөмүн кемитүү керек. Биз ошондо, Казахстандан канча пайыз мунай заттарын сатып алабыз. 

Эмнеге иш создөн ишке жылбай жатканын  депутаттар менен мунай рыногундагы бизнесмендер айтпай келишүүдө. 

Кыргызстандын нефтетрейдерерине  рыноккту бөлсө  пайдалуу болмок. Эл дагы  «макул»: эгер келишимге кол коюлса арзан бензин рынокко чыкмак. 

Анткени Казахстандын бензини  10-15 сомго арзан болмок. 

 

Тэги: ГСМ Казахстан Россия экспорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу