Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2019 – жылдын январь-июль айларында 2 млрд.613 миң 690 АКШ долларга бааланууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын убактылуу отчетунда айтылды.
Муну менен катар кыргыз товарларынын экспорту иликтөөгө алынган мезгилде 745 млн. 627 миң 403 $, импорт – 1 млрд. 624 млн.986 миң 287 $ түзөт. Муну менен катар, импорт мурдагыдай экспорттон басымдуулук кылат, көрсөткүч – 979 млн. 358 миң 884 $ түзөт.
Кыргызстан март айында 158 млн. 676 миң 714$ экспорт жүргүзгөн, эң көп көлөмдөгү импорт март айында катталган – 286 млн.947 миң 790$.
2018 – жылга салыштырып караганда, үчүнчү өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүү 128.9 млн. $ (2018 – жылдын январь – июль айы 2 млрд.499 млн.540 миң 368 $) кыскарган. Тышкы соода жүгүртүүдөгү көлөмдүн кыскарышы импорттун 296 млн.$ азайуусу менен байланыштуу. Ушул эле учурда экспорт 167.1 млн. $ өскөн.
Экспорт менен импорттун ортосундагы айырма 2018 – жылга салыштырып караганда, 463.1 млн. $ кыскарган.