«Каприз» мейманканасы мамлекетке өткөндөн тарта чыгашалуу болду

02.05.2019, 13:58 Акчабар
«Каприз» мейманканасы мамлекетке өткөндөн тарта  чыгашалуу болду

«Каприз-Каракол» ( «СК Ресурс» ЖЧК )2012 - 2015-жылдар аралыгында  жылына 90.6 млн сом табып, кирешеси  2016- 2017-жылдары 17.2 млн жана  1.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралу Эсептөө палатасы 2017 -жылдагы ишмердигин анализдеп айтып чыкты.

Айтмакчы, Кыргызстандагы салык мыйзамына ылайык ЖЧК алты жылга пролонгация алып, табылган киреше ага чейинки карыздарды жабууга жумшалууда.

««СК Ресурс» ЖКЧ  киреше табууда курстардын айрымасында жоготууга туш болууда. Анткени, келишимдер жана карыздар чет элдик валютада алынган. 2013-2017 жылдар аралыгындагы валюталардын курсунун айрымасы үчун эле 69.4 млн сом», — төлөшкөн деп билдирет аудит.

Ошондой эле, ЖЧК буга чейин алган кредиттери дагы терс таасир этүудө. Ал 2017-жылы  202.8 млн сомду түзгөн. 

« «СК Ресурс» ЖЧК  2016 -жылдагы активдери 81.5 млн сом, 2017-жылы  79.9 млн болуп, компаниянын финансалык абалы начар», — экенин Эсептөө палатасы билдирди. 

Аудит маалында  отелдин 100- толукталышы катары  2016/17 жылдарды эсепке алып, анда түшкөн каражаттардан айрыма жалпы  суммадан 46.7 млн сом болгон. Мезгил аралыгында мейманкана  40% гана тейлөө көрсөткөн.  ЖЧК киреше, чыгашалары жана алуучу кирешелери тууралуу план иштеп чыгышкан эмес. Негизги киреше декабрдан мартка чейинки аралыкта түшүп турат. 

Мамлекеттик мүлк фонду бул ишкананы башкарууга эч кандай чара көрбөгөндүгү тууралуу Эсептөө палатасынын жоопчотунда жазылган. 

«Жогорудагы мекеменин рентабелдүүлүгүн жана киреше табуусуну камсыздоо үчүн Мамлекеттик мүлк фондуна  «СК Ресурс»  финансы-чарбалык ишмердигине актиадүү  кийлигишүсүүн сунушайбыз . Аудиттин жыйынтыгында  ЖЧК менен ММФ  жетекчилигине кемчиликтерди жоюу боюнча  рекомендациялар жөнөтүлдү», —деп билдирет Эсептөө  палатасынан. 

 2010-жылы 19 июлдагы Убактылуу Өкмөттүн   №95  декретине ылайык «ЖЧК «Каприз» ишканасын улутташтыруу, «СК Ресурс» менен  коттедждер» мыйзамына ылайык жеке колдон мамлекеттик мүлккө өткөрүлгөн.Учурда ишканыан  70% баштапкы капиталы  ЖЧК мамлекетке тийиш болуп, аны Мамлекеттик мүлк фонду башкарууга алган. 

Тэги: госимущество убытки экономика госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу