Эгерде Украинада экономика ушул темпти сактаса, анда Польшанын ИДӨ жетүү үчүн Украинага дагы 50-жыл керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчеттунда жазылган.
Украина Европада Молдова, Грузия менен Армения сыяктуу эле арта калган мамлекеттердин катарында. Айта кетчүү жагдай бул жакырчылык көрсөткүчү 2014—2015-жылдардагы крезиске чейинки маалыматтардан улам түзүлгөн.
« 2014—2015-жылдары экономиканын 16% жоготуп алган. Украина калыбына келтирүү үчүн жылына болгону 2—3% экономиканы ордуна кайтарууда. Учурда Украинада адам жанына ИДӨ Польшага салыштырмалуу үч эсе төмөн. Алтургай, 90-жылдар эки өлкө бирдей позицияда турган. Эми Польшанын деңгээлине жетүү үчүн эгер ушул темпте өссө, анда дагы 50 жыл зарыл», —деп эсептейт Дүйнөлүк банк.
Жогорудагы абалды жоюу үчүн Украина экономикалык өсүүнү тездетүү үчүн эмгек рыногун жөнгө салып, инвестицтяларды тартып жана Дүйнолук банк менен карым-катнашы күчөтүшү керек.