Улуттук банк финансы-кредит уюмдарына насыяны төлөө мөөнөтүн 3 айга чейин узартуу сунушун берди

19.03.2020, 11:30 Акчабар
Улуттук банк финансы-кредит уюмдарына насыяны төлөө мөөнөтүн 3 айга чейин узартуу сунушун берди

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономика бир катар кризстерге кептелүүдө. Буга байланыштуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов бизнести колдоо керек экендигин билдирди. 

КР Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 18-мартында «COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт: 

- кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат; 

- кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат; 

- берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат; 

- кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет. 

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Тэги: КР Улуттук банкы пайыздык чен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу