2019-жылы билим берүү тармагына 29.3 млн сом каралган

26.08.2019, 09:48 Акчабар
2019-жылы билим берүү тармагына 29.3 млн сом каралган

2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29.3 млн сом каралган. Анын 74.8% 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирди.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

  • жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими; 
  • мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;
  • кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери; 
  • орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер); 
  • билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери. 

Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине (окутуу-тарбиялоо кызматкерлери) төлөнөт.

Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүү сунушталууда.

Тэги: образование зарплаты бюджет финансирование экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу