Бишкекте жол кырсыгы 46.9% азайган

12.09.2019, 11:35 Акчабар
Бишкекте жол кырсыгы 46.9% азайган

“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген райондордо жол кырсыгы азайганын премьер – министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупцияга каршы кеңешиндеги жыйында айтты. 

Өкмөт башчы белгилегендей,  жол кырсыгынан жарат алгандар өткөн жылга салыштырмалуу 51.8% кыскарган. Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 % азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.
    

«Ушунун негизинде бул тилкелерде авариялуулук азайып жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны реалдуу түрдө гана кыскарбастан, коррупциянын алдын алуу, унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун жакшырышы орун алды деп эсептейбиз. Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тэги: ДТП Бишкек Мухаммедкалый Абылгазиев Безопасный город

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу