Жалал-Абадда айыл чарбасын пайдалуу насыялоо каралды

19.04.2019, 12:03 Акчабар
Жалал-Абадда айыл чарбасын пайдалуу насыялоо каралды

БУУ азык түлүк жана айыл чарба (ФАО) уюму  Орус-Кыргыз фондду менен биргеликте банктар менен жеке ишкерлерге айыл чарбасын пайдалуу насыялоо тууралуу  жолугушуу уюштурду. 

Фермерлер  алынып жаткан  насыялар кымбат жана татаал жол менен алынарына даттанды.  айрыкча, документ толтуруу машакаттуу. 

«Аймактарды өнүктүрүү фондун  башкы максаты. Биз олкөнун баардык аймактарында финансы кызматтарын жайылтууга аракет жасап келебиз.  Ошондуктан биз, чакан жана орто бизнес үчүн атайын программаларды  киргизип,  «Интенсивдүү багбанчылык» жана лизинг операциялары тууралуу программаларды сунуштап жатабыз.  мындан тышкары «аймактар – өнүгүү чеги» сынагыбызды улантып, анда ийгиликтүү долбоорлорго төлөнгөн пайыздык чендин жарымы кайтарылып берилет», – деп билдирди  ОРӨФ Башкаруу башкармалыгынын жетекчиси  Эркин Асрандиев.

Орус-Кыргыз өнүгүү фонду чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берип, агрардык тармактын өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Мындан тышкары фонд тарабынан каржылоодо артыкчылык берилүүчү тармактар:

  • жеңил өнөр дай жана машина куруу/электроника жана долбоорлор;
  • сууну тазалоо жана бөлуштүрүү;
  • канализация системасы;
  • таштандыны чогултуу, иштетүү жана таштандыны экинчи иштетүү. 

«Жогорудагы программа БУУ ФАО менен бирге иштөөдөгү жаңы багытты. Биз, агрардык тармакка финансыны жеткиликтүү  кылуу зарыл экендигин түшүнөбүз», – деп билдирди Кыргызстандагы БУУ  ФАО  өкүлчүлүгүнүн  орун басары Динара Рахманова.

Тэги: РКФР ФАО кредиты сельское хозяйство экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу