Экспорт үчүн жасалма документ жасаган кылмыштуу топ кармалды

19.06.2019, 12:55 Акчабар
Экспорт үчүн жасалма документ жасаган кылмыштуу топ кармалды

“ЭККМК жасалма төлөм документтерин даярдашкан кылмыштуу топту аныктады. Шектүүлөр кармалышты.”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшүп, уюшкан кылмыштуу топту аныкташты, алар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдары менен алдына ала сүйлөшүп алышып, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө айыл-чарба азыктарын экспортоочуларга эл аралык товардык-коштомо документтерин даярдоо, сатуу боюнча документтерди, анын ичинде фитосанитардык сертификаттарды жасалмалоо/бурмалоо менен алектенишкен.

Ошентип, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн учурда, республиканын аймагына ЕАЭБдин курамына кирбеген өлкөлөрдөн (албетте, сапаты шек жараткан) айыл чарба продукцияларынын ташылып кирилгендиги аныкталды, аларга жалган адамдарды колдонушуп, жасалма документтер даярдалып берилген, ал эми кийин тийиштүү салыктар төлөнбөстөн бул продукция ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукция катары импортолгон.

Ушул жылдын 14-июнунда, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, контролдук сатып алууларды жүргүзгөн убакта аталган кылмыштуу топтун курамына кирген төмөнкү жарандар кармалышты: “М.Ш.”, “Ч.Ш.”, “М.Д.” жана “Х.П.”, андан кийин 16-июнда алар №1тергөө абагына киргизилген.

Муну менен бирге, аталган кылмыштуу топко бир күндүн ичинде 15ден 20га чейин жалган документтердин топтому берилип тургандыгы маалым болду, андагы 1 документ топтомунун наркы 5 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетчү нерсежогоруда аталган туруктуу кылмыш ишинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгонпродукциялардын коопсуздугун камсыздаган тартиби сакталган эмесбул мамлекеттин жана анын компетенттүү органдарынын кадыр-баркына шек келтирет. 

Азыркы убакта бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп,  кызмат адамдардын катыштыгы аныкталып жатат.

Видеосюжет тиркелет.

Тэги: ГСБЭП ЕАЭС подделка документы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу