Кыргызстандагы банкоматтар менен QR-коддор корголгонбу?

16.07.2019, 16:10 Акчабар
Кыргызстандагы банкоматтар менен QR-коддор корголгонбу?

Улуттук  банкта төлөм системалары кандай корголгон деген тамада жолугушуу болду. Ага  Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отурумуна  коммерциялык банктардын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү катышышты.  

Отурумдун алкагында төмөнкү маселелер талкууланган: 

  • - банктык жабдууларды алып келүү жана региондордо бирдей бөлүштүрүү; 
  • - банктык жабдууларды мамлекеттик мекемелердин аймактарында орнотуу боюнча көйгөйлөр; 
  • - банкоматтардын коопсуз иштөөсүн күчөтүү; 
  • - QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү; 

Мындан тышкары, идентификацияланбаган электрондук капчыктардан этап менен идентификациялангандарына өтүү маселеси да талкууланды. 

Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгында, коммерциялык банктар “Кыргыз Республикасынын аймагына 2018-2022-жылдарда банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө” макулдашууга ылайык 2019-жылга пландаштырылган банктык жабдуулардын толук алынып келинишин камсыз кылууга милдеттендирилди- деп жазылган маалыматта. 

 

 

 

Тэги: банки QR-коды банкоматы безналичные платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу