Кырсыктардын алдын алууга инвестиция изделет

23.05.2019, 16:30 Акчабар
Кырсыктардын алдын алууга инвестиция изделет

Кыргызстанда Европа өнүктүрүү  банкы менен биргеликте климаттык өзгөрүүго карата инвестиця тартуу үчун Борбор ачылды. Эми улуттук жана эл аралык климаттык фонддор аркылуу түшкөн каражаттар Борборго жыйналат. Бул тууралуу ЕРӨБ билдирди.  

«Ар кайсыл тармактагы климаттык шарттарды жакшыртуу үчүн Борбор инвестицияларды тартып келет. Кыргызстандын энергетика, суу жана айыл чарба тармактарында, саламаттык сактоодо инвестициялар тартылат», — деп билдирди ЕРӨБ. 

Борборду Кыргызстандын  премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев, ЕРӨБ вице-президенти   Алан Пию  жана эл арлык уюмдардын өкүлдөрү катышып, ачышты.

Айтмакчы, Борборду ачуу Климаттык Фонд тарабынан каржыланган. 

Кыргызстан үчун климаттык Борбордун мааниси зор. Анткени, өлкө  табыгый, жаратылыштын өзгөрүүсүнө көз каранды. Кырсыктардын алдын алуу, жер көчкү, сел, жана башка кубулуштарга туруштук берүү үчүн экономикалык  жактан инфраструктураны ондоо зарылдыгы бар. 

«Эми Кыргызстандагы Борбор дүйнөлүк түйүн менен тыгыз байланышта болуп, ар тараптуу карыжылоого алынат», —деп билдирди ЕРӨБ  вице-президент Алан Пию.

2011-жылдан бери ЕРӨБ Борбордук Азияда климатка байланыштуу   74 инвестициялык долбоорлорду колдоп ага жалыпсынан  €441 млн каражат бөлгөн.

Тэги: ЕБРР инвестиции климатические изменения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу