Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алууну веб-портал аркылуу жүргүзүү

10.06.2019, 12:10 Акчабар
Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алууну веб-портал аркылуу жүргүзүү

Кыргызстанда Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

«Электрондук каталог – берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) учурдагы актуалдуу бааларын көрсөтүп сунуштаган товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын тизмеси. Электрондук каталогду сатып алуучу уюмдар жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен, же тикелей келишим түзүү ыкмасы менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө колдоно алат. Электрондук каталог Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын интеграцияланган бөлүгү болот. Электрондук каталогду колдонуу сатып алуучу уюмдарга төмөнкүдөй пайдаларды алууга мүмкүндүк берет»-деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

1) каталогко киргизилген даяр стандарттык өзгөчөлүктөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө;

2) жөнөкөлөтүлгөн ыкмада берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясын текшерүүнү колдонуу баалоо жүргүзүүгө убакттын кыскарышынын эсебинен сатып алуу жол-жоболорунун мөөнөтүн азайтууга мүмкүндүк берет;

3) электрондук каталогко киргизилген берүүчүлөргө (подрядчыларга) суроо-талапты тикелей жөнөтүүнүн эсебинен атаандыктын кыйла жогорку деӊгээлин камсыздоого;

4) тикелей келишим түзүү ыкмасын колдонууда электрондук каталог бааларга мониторинг жүргүзүүгө жана сатып алууларды жүргүзүү учурунда актуалдуу бааны алууга мүмкүндүк берет.

Берүүчүлөр (подрядчы) үчүн электрондук каталогду колдонуу төмөнкү пайданы алууга мүмкүндүк берет:

1) жөнөкөйлөтүлгөн ыкмада сатып алуулардын жол-жоболорунда убакытты кыскартуу (негизги квалификациялык документтер ар бир сатып алууда берилбейт, квалификацияны текшерүү учурунда бир жолу гана берилет);

2) порталда кулактандырууну издөө зарылдыгы жок болгондо, порталда катталган берүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуучу уюмдардан суроо-талапты автоматтык түрдө алат;

3) берүүчү (подрядчы) тарабынан жеткирилүүчү же өндүрүлүүчү кошумча продукцияларды каталогко кошуу мүмкүнчүлүгү. 

Тэги: госзакупки Кыргызстан электронный каталог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу