Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, республикадагы 99.5 миң адам жумуш издегендер. Алар мамлекеттик органда жумушсуз катары катооодо турушат. Акыркы мезгилде жумуш издеген адамдардын саны 2018-жылга салыштырганда 19.2% өстү. ,
Жумушсуз деп расмий каттоодон өткөн 79.4 миң кыргызстандык, бул былтыркыга салыштырганда 28.3% көп.
Жумушсуздар боюнча Жалал-Абад лидер болуп, анда 25.8 миң адам ишсиз олтурушат. Ош областында, 18 миң, Баткенде – 10.9 миң адам жумуш издегендер. .Бишкекте 5.4 мин жашоочу, Ошто 2.5 миң адам жумушка муктаж.
«Жалпы жумушсуздардын арасында 49.9% – аялдар түзөт. Катталган жумушсуздардын деңгээли активдүү экономикалык калктын ичинде 3.1% түзөт», – деп билдирди Улуттук статистика комитетинде.