Кыргызстанда банктар 2018-жылы 3млрд 815 млн сом киреше табышкан

30.04.2019, 13:21 Акчабар
Кыргызстанда банктар 2018-жылы 3млрд 815 млн сом киреше табышкан

2018-жылы Кыргызстандагы  21 коммерциялык банктар  3 млрд 815 млн сом табышкан.Төрт банк кирешесиз калып, алардын жоготуулары  529.1 млн сом болгон.  Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жарыялады.

Алардын маалыматына таянсак, республикада 30 банк бар. Алардын болгону 25 иштейт. Үчөө жоюлуу алдында, ал эми экөөнун лицензиялары чакырып алынган.

Коммерциялык банктардын аймактардагы филиалдык түйүндөрү  өлкө  боюнча 330 бөлүмдөрү бар. 

«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча иштеп жаткан банктардын жалпы кирешеси  27 млрд 127.1 млн сом,чыгашасы — 23 млрд 841.6 млн», — деп айтылды Улуттук статкомдо. 

Тэги: банки убытки прибыль финансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу