Кыргызстанда технологияларды экспорт катары тааныйт

06.05.2019, 14:56 Акчабар
Кыргызстанда технологияларды экспорт катары тааныйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Экспорттук контроль жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Эми бул мыйзамга ылайык техналогиялар аркылуу берилген ыкмалар экспорттук товар катары бааланат. 

Эскерте кетели, бул мыйзам Жогорку Кенештин депутаттары тарабынан 2019-жылы  14-мартта кабыл алынган.  

« Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган  массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатындагы принциптерине жана ченемдерине шайкеш келтирүү, ошондой эле экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын мамилелерин укуктук жөнгө салууну жакшыртуу», — деп жазылат мамлекет башчысынын расмий сайтында.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: экспорт закон Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу