Кыргызстанда уран казууга каршылык күчпү?

19.04.2019, 15:39 Акчабар
Кыргызстанда уран казууга каршылык күчпү?

Ысык-Көл областынын Тоң районунун тургундары  Таш-Булак уран кенин изилдөө жана казууга нааразы болуп чыгышты. Жергиликтүү эл экологияга терс таасир этип, жашоочулардын ден соолугуна залал келтирет деп чоочулашууда. 

Ал эми бийлик башкача позицияда. Анткени,  Таш-Булакта уранды иштетүү экологиялык таза, эч кандай реагент кошпой, бир гана техникалык суу колдонулат. 

«Уран кумдары сыртта жайгашып, жалпы  радиациялык фон 40 дан 80 саатына/мкР, айрым жерде —  130-150  саат/мкР жетет. Редиоактивдүүлүктүн жалпы массы сыртта жайгашып 25 метрден казылат. Ошону казуу пландалуда. Радиоактивдүүлүк сырттан алыныпсалынат», — деп түшүндүрдү  Мамлекеттик өнөр жай, кен иштетүү жана энергетика комитети. 


Ведомстводо  Таш-Булакта эч кандай калдык  калбайт деп ишендирүүдө. 

«Баардык иштелип чыккан жерди кайра калыбына келтирүү жасалып, жабылат. Ал жерде жер кыртышы, өсүмдүктөр дагы калыбына келтирүү жасалат. Жайлоого көп жылдык чөптөр себилет. Казылып алынган радиоактвдүү кумдар  Кара-Балта тоо-кен  комбинатка жөнөтүлүп, анда гидрометаллургия тармагында  уран, торий, титаномагнет, цирконий менен  фосфор пентоксиди казылып алынат», — деп билдирди ведмстводо.

Концентранттар транспорттоодо  атайын контейнер менен темир жолу аркылу ташылат. Андыктан, кепилдик берип  жана радиоактивдүүлүк коопсуздукту сактоого баардык техникалык талаптар жооп берет. Коркунучтуу жүктөн кооптонунун кереги жок деп билдиришти. Андан тышкары, кен казылган жерде көчмө модуль кумду тазалайт. Фабрика курулбайт, баардык кара иштетүү Кара-Балта кен иштетүү комбинатында иштетилет.

 Таш-Булак уран кенин каржылоого $10 млн жумшалат.

«Кен иштетүүго байланыштуу 220 жумушчу орун түзүлүп, ага жергиликтүү эл иштейт. Ошондой эле, Кара-Балта кенинде  500 адам эмгектенет», — деп билдирди мамлекеттик комитетте .

Программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын иштетүүгө 25 жыл каралган.

Канчалык ишендирүү жасалганына карабай, азырынча жергиликтүү тургундар ага ишенген жок.

«Алар элге жерге экологиялык жактан зыян келтирбейт деп жатышат. Бирок, биз ага ишенбейбиз. Ал кен иштетүү биздин гана эмес, бүтүндөй областын экологиясына терс таасир этет», —деп эсептейт жергиликтүү тургундар.

Эскерте кетели, «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мейкиндиктери менен  интеграция» аталышындагы   кыргыз-орус  аймактар аралык VIII-конференция өтүп, анда бир нече келишимге кол койуп, уран иштетүү  да  каралган. 

Алардын арасында  $30 млн каражат  «Центрально-Азиатская урановая компания» (Россия)  менен «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААК ортосунда түзүлгөн. Кошумча каражаттар тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө жана жалпы бул тармакты жакшыртууга багытталган.  Негизги каражат  Ысык-Көлдөгү уран кенин казууга, Кара-Балта тоо-кен комбинатын модернизациялоо жумшалат. Мындан тышкары геология чалгындоого лицензияны Кыргызстандагы «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы алган. Ошондо, Владимир Попов, негизги акционер «Борбордук-Азия уран компаниясы» эсептелип, ал республикага инвестиция алып келүүдон коркпогонун билдирген. 

«ЮрАзия Кыргызстан»  геология чалгындоого 271 млн сом караган. Компания Ысык-Көл областындагы Тоң районундагы негизги салык төлөөчү компания. Ал 2012-жылдан бери  Соцфондго салык түрүндө   87.5 млн сом төлөгөн. Учурда чалгындоодо 112 адам эмгектенип, алардын 90 — жергиликтүү тургундар. 

Кызыл-Омпул тобуна кирген  уран-торианит кумдары (Баке, Таш-Булак, Өзгөнсай, Түндүк, Оттук),  1951-жылы ачылып, ал Кызыл-Омпул тоо кыркасынын чыгышында жайгашкан.  2010 -жылы «ЮрАзия Кыргызстан» изилдөөгө, чалгындоого лицензия алган. Негизги  изилдөө Таш-Булак кенине багытталат. Урандын кору 3.5 миң тонна, торий — 8.54 миң тонна, фосфора — 10 миң тонна, цирконий — 34 миң тонна менен   титан-магнетит— 1.6 млн тонна бар.

Тэги: горнодобывающая отрасль уран инвестиции экономика Россия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу