Нарындык -МММ: же кантип үч кыргыз жарым миллион долларды элди алдап кымырды

06.06.2019, 14:15 Акчабар
Нарындык -МММ: же кантип үч кыргыз жарым миллион долларды элди алдап кымырды

Нарында үч Кыргызстандын жараны финансалык пирамида уюштурган. Алардын торуна 270 адам түшүп,  акчаларын алдатып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп,  Финансы полициясы иштөөдө. 

 

Жабыр тарткандар финансы полициясына  жардамсурап арыз менен кайрылышкан. Бул факт Бирдиктүү жоруктар реестринде катталып, КР  Бузуулар боюнча Кодексте  214 берне «Финансы пирамидасын уюштуруу» боюнча айып тагылууда.

Тергөө көрсөткөндөй, 2017-жылы үч жаран баюу максатында финансы пирамидасын уюштуруган. Алардын кенсеси Нарындын рыногунда жайгашып,  Five Winds аталган. Бирок, аталган фирма юстиция менен салык кызматынан каттоодон өтпөй, көмүскө иш алып барышкан. 

«Жогорудагы адамдардын тобу, ишенимге кирип, адамдарды дагы адамдарды тартуу аркылуу тез каражат табууга чакырып келишкен», — деп билдирет финансы полициясы. 

Учурда алар тарабынан 270 адам алдоого кабылганы аныкталды. Үч адамдын айынан элдин тарткан финансалык чыгымдары 34 млн сомго жеткен же долларга айлантканда жарым миллион АКШ доллары. Бул компанияга кирүү үчүн 7 миң сом, а максималдуу 2 млн сом болгон. 

 

«Жогорудагы кылмыш ишине байланыштуу  Аламүдүн районундагы  «Ак-Тилек» чек ара бекетинде  финансы пирамидасын уюштургандардын бирөө колго түшүрүлгөн.  Ал  Асанбек кызы Элзат. Учурда ал Нарын шаарындагы убактылуу кармоо жайына кармалган. Нарын райондук соту тарабынан эки айга баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган», — деп билдирди Финполдон. 

Тэги: финансовая пирамида финансы финнарушения ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу