MegaCom компаниясынын генералдык директору 200 миң сом айлык алса, анын орун басарлары айына 165 миң 145 миң алса, колдоо боюнча директору 125 мин эмгек акы алат. Бул тууралуу «КТ Мобайл» маселеси талкуланып жатканда Мамлекеттик мүлк фондунан Ренат Тулебердиев билдирди.
MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов компаниясында айлык акы кыскартылганын билдирди. Ал эми башка уюлдук операторлор көбүрөк алат деп билдирди ал.
«Негизги адистердин айлык акысын кыскартпоо чечими кабыл алынган. Ушундай практика Кыргызстанда ишеп жатат» , — деп билдирди Жамангулов.
Уюлдук операторлордун орточо айлык акысы $750 түзөт.
Ал салыштыруу үчүн Beeline менен О!, компанияларын жекчилери бирөө $18 миң, экинчиси – $28 миң алат деп бирок, ким экенин тактаган жок.