2019-жылдын 22-26 апрель аралыгында баалуу кагаздар рыногу активдешти. Соода сатыктын көлөмү 1 миң пайызга өскөн. Соодага катышкан компаниялардын саны гана көбөйбөстөн акциялардын баасы дагы жогорулаган. Баалуу кагаздарды сатуу боюнча 75 операция жасалып, анда 14компаниянын-эмитенти сатылган. Сатыктын жалпы баасы 202.9 млн сом болуп, акциялардагы сатыккка караганда, баалуу кагаздардын өтүмдүлугү 200 эсе көбөйгөн.
Өткөн аптага караганда, бул аптадагы соода сатыктын көлөму төмөндөгөн. Акцияларды сатуу биржадагы сатуунун 0.55% түздү. 22 сатуу жана сатып алуу жасалып, ага 22 компаниянын баалуу кагаздары катышты. «Кыргызнефтегаз» ААК акциялары ири көлөмдө сатылды.
Облигациялар сектору рынокту жарды. «Первая Металлобаза» «Ихсан Орикс» облигациялары рынокко жаңы кошулуп,сатып алуучуларды кызыктырды. Облигациялар секторунда ага чейинки жумага караганда жандануу болуп, сатуу жана сатып алуу 200 эсе көп болду. Сооданын көлөмү баалуу кагаздар рыногунда 99.45% түзүп, анда 53 сатуу жана сатып алуу жасалган. рынокто 34 миң 566 баалуу кагаз сатылды.
2019-жылы 23-апрелде жасалган аукциондун жыйынтыгы боюнча:
Аукциондун жыйынтыгы боюнча, 26-апрелде Мамлекеттик кыска аралыктагы облигациясы (МКО) 242 млн 933 миң сомго орточо киреше пайызда 6.29% коюлду.
Аукционов по Мамлекеттик казналык вексель МКВ боюнча аукцион болгон жок. Коммерциялык банктардагы узак мөөнөттөгү пайыздар ошол эле деңгээлде 8-13% сакталып калды.