Соттун чечимине ылайык «Евразия сактык банкынын» 69.9% акциясы Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өттү.
2017-жылдын апрелинде банктын 69.98% акциясы мамлекеттик менчикке өттү. Мамлекеттик мүлктү башкарууга 998 миң акция же болбосо 6.65% мамлекеттин карамагына өткөргөн.
63.33% акция узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин ММБФ ар кандай 20 ашык арыздар каралып «Евразия сактык банкынын» акцияларына болгон талаштарга чекит коюлган.
2019-жылы 17-июнда акыркы териштирүүдө мамлекеттин пайдасына банктын 39.94% акциясы өткөн.
Ошентип, «Евразия сактык банкынын» мамлекеттеги акциялары 46.59% жетти.
Мындан тышкары мүлк фонду аресте турган банктын башка 23.39% акциясын мамлекеттин мүлкүнө алуу аракеттерин жасоодо.
1997-жылы Юстиция министрлиги «КыргызКредит Банк» АКБ жаңы коммерциялык банкын баштапкы капиталы 15 млн сом менен кабыл алган. 1998-жылы алар Улуттук банктан улуттук жана чет элдик валюталар менен иштешүүгө уруксат алышкан.
Ал эми 2016-жылы мартта Улуттук банк «КыргызКредит Банк» ААК комуна атын өзгөртүп, «Евразия сактык банкы» ААК болуп өзгөрүүсүнө макулдугун берген.