VEON Ltd. (NASDAQ мене Euronext Amsterdam: VEON), Интернет тармагындагы алдынкы компаниялар. Алар Евгений Кражанды Кыргызстандагы Beeline жетектөөнү сунуштады.
Ал июнь айында кызматына киришет. Шелля Йонсендин түз башкаруусунда болот.
Кражан VEON компаниясына 14-жыл мурда кирип, учурда Украинадагы «Киевстар» сатуу боюнча коорпоративдик директор кызматында. Ал B2B кирешелерин байкоого алып ( «бизнес бизнес үчүн» системасын) жана рыноктун өсүшүнө карап турат. Ага чейин «Киевстар» маркетинг жана башкаруу системасында эмгектенген.
«Евгений Украинанын «Киевстар» компаниясындагы эң мыкты адис. анын башкаруусунда кирешелер өсүп келген. Кыргызстан калкы боюнча өсүп келе жаткан өлкө. Андыктан, VEON келечектеги өсүүнү көрүп, Евгенийге ийгилик каалайбыз. Биз бул аймакта оз позициябызды бекемдейбиз», — деп билдирди VEON башкы жетекчиси Урсула Бернс.
Кражан бакалавр степенине ээ. Ал Киев-Могилян университетин аяктап Лондондун бизнес мектебинин магистри даражасына ээ болгон.