Импорттун саны кыскаргандыктан, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү төмөндөдү.
Республиканын сырткы соода жүгүртүүсү 2019 – жылдын январь-июль айларын алып караганда, 3.8 млрд. $ түзгөн. Бул 2018 – жылдын январь-август айларын алып караганда 6.9% аз көрсөткүчтү берет. Бул тууралуу статистика комитети билдирет.
Бул төмөндөөнүн себеби, импорттун азайганында деп билдиришет эксперттер. Бул жылы импорт 11.8% аз катталган. Бирок, ушул эле учурда экспорт 9.1% көп болгон.
ЕАЭС мамлекеттер арасындагы өз ара соода жүгүртүү 2019 – жылы 1.4 млрд.$ түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9.5% аз болгон.