Кыргызстандыктар 14% ипотека алса болот

26.06.2019, 14:08 Акчабар
Кыргызстандыктар 14% ипотека алса болот

"Мамлекеттик Ипотекалык Компания"  Бишкек жана Ош шаарларында "Жеткиликтүү Ипотека" багыты боюнча жылдык 14% пайыз менен ипотекалык насыяларды каржылоо үчүн тизмелерди түзүү боюнча башталгандыгын жарыялайт.(өздүк салым 20%)

Ипотекалык насыялар бюджеттен тышкары мекемелерде иштеген бардык жарандарга, анын ичинде жеке ишкерлерге жана фермерлерге жеткиликтүү болууда.  “МИК” ААК немис өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында, “Жеткиликтүү  ипотека” багыты боюнча өлкөнүн аймактарында гана берилет деген чечим  кабыл алган, ушуга байланыштуу "МИК" ААКнун чечими менен ипотекалык баалуу кагаздардан тартылган финансылык ресурстардан Бишкек жана Ош пилоттук шаарларына квота бөлүнгөн: Бишкек -140 ,Ош-60 квота бөлүнгөн. 

"Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасына катышуу үчүн, жарандар документтерин менен жергиликтүү бийлик органдарына (шаарлардын мэрияларына, райондук администрацияларга) арыз берүүгө зарыл.

Керектүү документтердин тизмеси жана тандоо критерийлери сайтта жарыяланган.  http://gik.kg/ru/borrowers/Doc/ 

Буга чейин "МИК" ААКу Ош жана Бишкек шаарларынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык региондору үчүн "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча квоталарды белгилеген. http://gik.kg/ru/news/full/676.html    

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

 Бишкек ш, Токтогул көчөсү, 228

Байланыш телефондору: 61 06 61, 61 06 77

Веб сайт  www.gik.kg

 

Тэги: ГИК ипотека Бишкек Ош жилье

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу