2020-жылдын май айындагы кызматтардын тарифтик баасы өткөн айга салыштырмалуу эч өзгөргөн жок. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
2020-жылдын январь-май айларындагы тарифтерге болгон баанын өсүшү 0,1% түзгөн. Муну менен катар бут кийим оңдоочу кызмат 2,5%, мейманкана кызматы - 1,1%, коомдук тамактануучу жайлардагы көрсөтүлгөн кызматтын баасы - 0,8% жогорулаган.
Муну менен катар 2020-жылдын башында аба каттамдарга болгон тарифтин баасы 6,7%, амбулатордук кызмат 1,1%, жеке унаа каражаттарын тейлөө жана оңдоо кызматтары 0,8%, маданий иш чараларга болгон баа 0,5% төмөндөгөн.