Абаны булгагандыгы үчүн ишканаларга 607 миң сом айып салынды

17.04.2024, 10:55 Акчабар
Абаны булгагандыгы үчүн ишканаларга 607 миң сом айып салынды

2024-жылдын үч айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир катар ишканаларды абанын булганышы боюнча текшерген. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

Натыйжада бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 230-беренесине ылайык жалпы суммасы 607 миң сом айып салынды. 

Атмосфералык абанын булганышынын, атап айтканда атмосферага көмүр кычкыл газы, азоттун, күкүрттүн кычкылдары, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ден соолугуна коркунуч туудурган, айлана-чөйрөнүн жалпы абалына терс таасирин тийгизген катуу бөлүкчөлөр (чаң) жана оор металлдар сыяктуу зыяндуу жана уулуу заттардын атмосферага чыгышын эске алуу менен Жаратылыш министрлиги жарандарга, ишкерлерге, компанияларга жана уюмдарга кайрылып, КРнын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамын так аткарууга чакырат. 

Тэги: кир аба кара түтүн экология Айып пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу