«АБН» облигациялар боюнча 1,2 млн сом киреше төлөдү

12.06.2023, 15:56 Акчабар
«АБН» облигациялар боюнча 1,2 млн сом киреше төлөдү

"AБН" микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча кирешенин кезектеги төлөмүн жарыялады. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

Компания 30 облигация ээсине 1 миллион 185 миң сом киреше чегерген. Анын ичинен 24үнө 1 млн 169,5 миң сом төлөнгөн. Калган сумма – 15 миң 487 сом талап кылынбай калган.

Кошумчалай кетсек, сөз 2023-жылдын 11-январындагы төртүнчү чыгарылышынын номиналдык пайыздык облигацияларынын экинчи транш боюнча кирешени төлөө жөнүндө болуп жатат. Облигациялардын саны 5 миң, жайгаштыруу баасы 5 миң сом. Ошентип, экинчи транштын эмиссиясынын суммасы 25 миллион сомду түздү. Облигациялар жылдык 19% менен 36 айга жайгаштырылды.

Тэги: новости Кыргызстана доходы облигации АБН деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу