"МК "АБН" ачык акционердик коому облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Кирешелүүлүк нормасы жылына 19%, ал эми бир баалуу кагаздын номиналдык баасы 5000 сомду түзөт.
"Пайыздарды төлөө облигация ээсинин банктык эсебине же Бишкек шаары, 4-кичи район, №35/1 дарегиндеги "МК "АБН" ААК кеңсесинде жүргүзүлөт", - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.