АӨБ Кыргызстандын энергетика тармагына колдоо көрсөтөт

17.02.2023, 16:52 Акчабар
АӨБ Кыргызстандын энергетика тармагына колдоо көрсөтөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын энергетика тармагына колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Каржы министринин орун басары Руслан Татиков менен Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуковдун жолугушуусу болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2023-2027-жылдарга Кыргызстан үчүн жаңы өнөктөштүк стратегиясы, климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча АӨБнын келечектеги планы жана АӨБнын бюджеттик колдоосу талкууланды.

"Өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө маанилүү басым жасалды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, энергетика жана жеке сектор чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү АӨБ колдоо боюнча макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости Кыргызстана АБР энергосектор Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу