Азия Өнүктүрүү Банкы Hamkorbank менен биргеликте Өзбекстандын чакан жана орто бизнес жана фермерлерин насыялоого 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу АӨБ сайтында жазылды.
Каржылоо өзбек сумунда жүргүзүлөт. Чакан жана орто ишканалар менен жана айыл чарба насыялары үчүн насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечими кабыл алынды.
Өлкөдөгү жумуш берүүчүлөрдүн дээрлик 74% чакан бизнесте иштешээри, жумуш орундарынын 60% дан ашыгы айыл жеринде экени белгиленди.
Бул линия Hamkorbankка өлкөнүн каржы секторун өнүктүрүүгө жардам берээри айтылууда. Анткени операцияларды каржылоо үчүн жергиликтүү валютадагы облигациялар чыгарылат.