Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби каттамы ушул жайда иштеп баштайт

22.03.2023, 11:25 Акчабар
Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби каттамы ушул жайда иштеп баштайт

Ушул жайда Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багытында аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аба каттамдарын ачуу Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) долбоорунун алкагында Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоосу менен “Манас” эл аралык аэропорту ААК жана “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын аракеттеринин негизинде мүмкүн болду.

"Жакынкы арада Абу-Даби – Ош – Абу-Даби багыты боюнча да аба каттамын ачуу пландалып жатат",- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Туризм департаменти аба каттамдары 2022-жылдын күзүндө ачыла турганын билдирген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу