Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев МСК жыйынында ири салык төлөөчүлөр жалпы салыктын 75% түзүп, айрым областар болгону 6% гана салык жыйнап жатканын билдирди.
Анын айтымында Ош олбастындагы жумушчу орундарына карабай, жалпы салыктын болгону 3% гана түзөт. Ал ээми Нарындан чогулган салык 1% жетпейт. Талас (0.8%) ал эми Эркин экономикалык аймактардан (СЭЗ) (0.7%) салык чогултулат. Чүй областы мамлекеттик казынага 6%, Бишкек – жалпы төлөмдүн 20% түзөт.
[news 16300]
Ысык-Көл областы болгону 2% салык жыйнайт.
«Кечээ биздин кызматкерлердин айтымында пансионаттарда орун жок болгондуктан, меймандарды жеке конок үйлөрүнө жайгаштырыптыр. Алар суткасына 60 миң киреше табышат экен. Алар болгону айына 600 сом патент гана төлөшөт экен.Бул деген адилетүүбү? Макул эл байысын дели, бирок, баардыгы салыктан качпашы керек», —деп билдирди ал.