Премьер-министр: Бажы көзөмөлү күчөтүлөт

28.11.2019, 14:00 Акчабар
Премьер-министр: Бажы көзөмөлү күчөтүлөт

Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында бажы көзөмөлүнүн күчөтүлүшү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртат, товарларды жаап-жашырууга жол берилбей, ачык-айкындуулук болот. Мунун баары бажы жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

«Биз бажы тармагын толугу менен санариптик тейлөөгө өткөрөбүз. Муну менен адамдык факторду жок кылабыз. Азыр этап-этап менен бардык бажы посттору заманбап техникалар менен жабдылууда. Мунун бары азыр көпчүлүк күмөн санап жаткан ачык-айкындуулукту камсыз кылууну шарттайт. Чек арадагы ушул иштерди реалдуу убакытта көрүп турса болот. Бул ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү жайларында абал кандай экенин көрүп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан ары бул система «Түндүк» тутуму менен байланыштырылат. Бул аракеттер аркылуу коңшу өлкөлөр менен көп жылдан бери чиеленип калган статистикалык маалыматтарга чекит коюлат. Муну менен катар «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» өткөрүү жайларында автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөлдөө системасын орнотуу иштери аяктап калды. 9 пунктта 472 видеобайкоо камералар иштеп жатат, 5 өткөрүү жайында инспектордук-текшерүү комплекси орнотулууда. Анын бирөө колдонууга берилди», - деди Өкмөт башчы.


 

Тэги: цифровое обслуживание гостаможня

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу