Премьер-министр JICA делегациясы менен кызматташтыкты талкуулады

24.10.2019, 12:35 Акчабар
Премьер-министр JICA делегациясы менен кызматташтыкты талкуулады

Премьер – министр Мухаммедкалый Абылгазиев JICAнын биринчи вице-президенти Кадзухико Кошикава жетектеген делегация менен жолугушту.Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет. 
 

«Япония Өкмөтү, JICA көп жылдардан бери өлкө үчүн маанилүү болгон ар кандай тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга баа жеткис колдоо көрсөтүп, жардам берип келет. Биз бул үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга даярбыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Министрлер кабинетинин жетекчиси JICAнын бир нече долбоорун баса көрсөтүп, Кыргызстанда «Бир айыл – бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Анын натыйжасында элет жеринде жумуш орундары түзүлүп жатат. Премьер-министр долбоорду ишке ашырууну экопродукцияны өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон Баткен облусунан баштоо аркылуу анын камтуу зонасын кеңейтүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетикалык дараметин, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү, электромобилдерди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жаатындагы алаканы эске алуу менен кызматташтыктын келечектүү тармактарын белгилеп өттү», –  деп жазылат маалыматта. 

 

Тэги: Япония перспективы сотрудничества JICA Правительство КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу