Абылгазиев: Өкмөттүн тапшырмасы - экспортту 300 млн $ көбөйтүү

02.03.2020, 16:47 Акчабар
Абылгазиев: Өкмөттүн тапшырмасы - экспортту 300 млн $ көбөйтүү

Өкмөттүн алдында экспорттун көлөмүн 300 млн $ чейин көбөйтүү тапшырмасы турат. Бул тууралуу премьер-министр 020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.​

«Биздин алдыбызда ата мекендик продукцияларды экспорттоо көлөмүн 300 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү, экономика түзүмдөрүн диверсификациялоо жана «Кумтөр» кенинен экономиканын көз карандылыгын кыскартуу тапшырмалары турат. Бизде кирешенин башка да булактары бар. Ошол эле тоо кен өнөр жайында варианттар көп. Бул үчүн биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун үстүнөн иштешибиз керек. Бардыгын жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Биздин милдетибиз – потенциалдуу салык төлөөчү болгон инвесторлорду аларды коргоо. Ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруу системасын киргизүү маселеси дагы жооптуу милдет. Бул система ата мекендик экономикада ачыктыкка алып келерин ар ким түшүнүүсү кажет. Экономикада көмүскө механизмдер бар үчүн жарандардын ишеними жок. Көмүскө бизнес бар шартта, экономиканын ырааттуу өнүгүшү тууралуу айтууга болбойт. Көмүскө экономика менен күрөш – бул салыкчылардын гана эмес, биздин жалпы милдетибиз», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

 2020-жылга биринчи кезектеги иш-аракеттердин планы 100 милдеттен турат. Аларга 150 иш-чара киргизилген, анын ичинен 50% 2020-жылдын 1-сентябрына аткарылышы керек.



 

Тэги: планы 2020 год Правительство КР задачи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу