«АЧК – 12» долбоору боюнча 2,4 млрд сомго насыя берилди

24.05.2024, 16:30 Акчабар
«АЧК – 12» долбоору боюнча 2,4 млрд сомго насыя берилди

24-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо - 12” долбоорунун алкагында кыргызстандык дыйкандар 2 млрд 434,8 млн сомго 6 миң 79 насыя алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүүгө 248,4 млн сомдук 784 насыя берилген. Анын ичинен 115,5 млн сомдук 378 насыя “Айыл Банк” тарабынан, дагы 406 насыя “РСК Банк” тарабынан 132,9 млн сом берилген.

Мал чарбачылыгына 2 млрд 186,4 млн сомдук 5 миң 295 насыя берилген.

Эске салсак, аталган долбоор кийинки жылы ишке ашырылбайт. Анын ордуна башка долбоор, тактап айтканда, айыл чарба бирикмелерин насыялоого багытталган долбоор пландалууда.  

 

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо жеңилдетилген насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу