Учурда авикомпанияларда жогорудагы үлгүдөгү лайнерлер пайдаланып жатат
Мексиканын Aeromexico ири авикомпаниясы Boeing 737 MАX 8 үлгүсүндөгү лайнерди колдонуудан баш тарты. Алар Эфиопиядагы авиакырсыктан улам ушундай чечимге келишкен . Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында 11-мартта жарыяланды.
Буга чейин компания Boeing 737 MАX 8 абдан жакшы абалда болуп, учуп жүргөнү айтылган.
«Авиакомпания өз лайнери коопсуз экенине ишенет. Ага карабай, Aeromexico өзүнө таандык Boeing 737 MAX 8 алты лайнерин абага учурбайт. Эфиопиядагы кырсык эмнеден улам чыкканы такталмайынча, аба кемелери асманга учпайт» — деп айтылат сайтта.
Жакында Кытай Эл Республикасы Boeing 737 MAX 8 колдонууга чектөө жасады. Буга Эфиопиядагы 10-марттагы кырсык себеп болгон. Авиакырсык 35 өлкөнүн 157 адамдын өмүрүн алды.