"Манас" эл аралык аэропорту кышкы дизель майын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Керектүү күйүүчү майды сатып алууга 34 миллион 104,5 миң сом сарптоо пландалууда. Бул суммага 501 миң 537 литр дизель майы литрин 68 сомдон сатып алынат.