Ушул жылдын 17-ноябрында “Манас” аэропортунун акционерлери кезексиз жалпы чогулуш өткөрүштү.Баалуу кагаздардын ээлери тогуз маселе боюнча чечим кабыл алышы керек болчу.
Талкуунун алкагында акыркы маселе боюнча акционерлер "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын туунду компаниясы "Эйр KG" авиакомпаниясына учак сатып алууну жактырышты. Азырынча алдыдагы ири келишимдин чоо-жайы ачыктала элек.
Мындан тышкары, акционерлер эл аралык аэропорттун учуп-конуу тилкесин реконструкциялоону макулдашты.