«АЭСтин кубаттуулугу 300 мВатт кем болбошу керек» — Султанбеков

08.02.2023, 16:39 Акчабар
«АЭСтин кубаттуулугу 300 мВатт кем болбошу керек» — Султанбеков

Кыргызстан атомдук электр станциясын курса, анда анын кубаттуулугу 300 мегаватттан кем болбошу керек. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков бүгүн тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында Кыргызстан “Росатом” менен келишим түзгөн. Келишимде Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө каралган. Ага ылайык, алгач ар биринин кубаттуулугу 50 мегаватт болгон эки станция жөнүндө сөз болгон.

“Бирок, азыр 50 мегаватт кубаттуулук маселени чечпейт деп ойлойбуз. Аны көбөйтүү керек. Атомдук электр станциясын курсак, анда анын кубаттуулугу 300 мегаватттан кем болбошу керек. Бул чакан атомдук электр станциялары үчүн жогорку босого. Эл менен талкуулагандан кийин курсак болмок”, - деп белгиледи Энергетика министринин орун басары. 

Эске салсак, "Кыргызстандын Жашыл альянсынын" өкүлдөрү өлкөдө атомдук электр станциясын куруу демилгесине каршы чыгышкан. Алардын пикиринде өлкөдө радиоактивдүү калдыктар бар, АЭСтин курулушу Кыргызстандын радиациялык коопсуздугуна дагы бир коркунуч болуп саналат.

"Кыргызстандын Жашыл альянсынын" өкүлдөрү АЭСтин чийки заты кайда жеткирилерине, сарпталган өзөктүк калдыктар кайда көмүлөрүнө кызыктар болуп келет. Алар атомдук электр станциясын куруу идеясын таштап, кайра жаралуучу энергия жана жашыл энергияга басым жасоо керек деп эсептешет.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу