AFEI Holding Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүгө инвестиция салууга ниеттенүүдө

27.12.2021, 17:03 Акчабар
AFEI Holding Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүгө инвестиция салууга ниеттенүүдө

Бүгүн, 27-декабрда министрдин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов AFEI Holding корпорациясынын төрагасы менен жолугушту. Тараптар медициналык кызмат көрсөтүүдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында AFEI Holding мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында муниципалдык оорукананын аймагында диагностикалык борбор ачууга кошумча кызыгуусун билдирди.

Диагностикалык борбордун негизги кызматы магниттик-резонанстык томография кызматтары болмокчу. Бул кызматтарды көрсөтүү үчүн Кытайдан алынып келинүүчү Supernova H15 MРТ аппараты сатылып алынат. Бул долбоордун ар кандай этаптарын ишке ашыруунун алкагында агенттик инвестор менен биргеликте Forbesтин медициналык жабдууларды чыгаруу боюнча топ-10уна кирген Neusoft Medical Systems компаниясынын акыркы медициналык жабдууларын орнотуу үчүн 1,5 млн доллардан 25 млн долларга чейин чогултат.

Бул долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу 2022-жылдын февраль айына пландалып, Кыргызстандын жарандары заманбап медициналык кызматтардан пайдалана алаары белгиленген.

Ошондой эле, AFEI Холдинг корпорациясы республиканын жарандарына заманбап медициналык кызматтарды көрсөтүү менен Кыргызстанда көп профилдүү оорукана ачууну пландаштырууда. AFEI Holding корпорациясы өлкө аймагында жаңы кластер – медициналык туризмди түзүүгө кызыкдар. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн агенттик инвестор менен биргеликте 80 млн доллардан ашык каражат тартууну пландаштырууда.

Тэги: AFEI Holding агентство инвестиций Кыргызстан медицинский туризм медицина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу