«Миңжылдыктагы афера»: Токтогул ГЭСи сатылганы жатабы?

02.04.2019, 17:40 Акчабар
«Миңжылдыктагы афера»: Токтогул ГЭСи сатылганы жатабы?

Токтогул ГЭС жана Кыргызстандын  негизги энергетикалык активдери жеке колго өткөнү турат. Бул тууралуу журналисттерге коомдук ишмер, электр тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев билдирди.

Анын  айтымында парламент, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Улуттук энерго холдинг (НЭХК) бул ишке аралашкан. 

 Атайын мыйзамга ылайык «Токтогул ГЭСи менен жогорку чыңалуудагы линия (НЭСК)» Жогорку Кеңештин макулдугу жок мамлекеттик акцияларын сатылып, күрөөгө  коюлуп, тышкы карызды жоюу үчүн  алмашууга же ишенимдүү башкарууга берилбейт. Ошондой эле, баалуу  кагаздарды чыгаруу дагы макулдашуу аркылуу жасалууга тийиш. 

2008-жылдагы «Стратегиялык объектер тууралуу» башка мыйзамга ылайык магистралдык темир жол, газтүтуктөрү, улуттук элект түйүнү,  гидроэлектростанция (Нарын ГЭС каскады)  парламент тарабынан каралууга тийиш. 

 2016-жылдын 18 майда Жогорку Кеңеш «2015-2017-жылдагы  КР мамлекеттин менчигиндеги ишканаларды менчиктештирүү Программасына өзгөртүүлөрдү» киргизип, анда  (76 депутат «макул», 27 — «каршы» добуш берүү менен) кабыл алынган. Анда мамлекеттик үлүштүн баштапкы капиталга кошулуп менчиктештирүүлүчү объектилердин тизмеси берилген (НЭХК).

Парламент Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна Улуттук энерго холдингдин мамлекеттик пакеттин 6 млрд 240 млн 574 миң 500 сом жеткирүүнү тапшырыган. Андан кийин энергохолдинг алынган кирешеге кошумча акция чыгарып, менчиктештирүү  каралган. 

  • «Электр станциялар» ААК;
  • «Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү» ААК;
  • «Түндүкэлектро» ААК;
  •  «Чыгышэлектро» ААК;
  • «Ошэлектро» ААК;
  • «Жалал-Абадэлектро» ААК;
  • «Бишкекжылуулуктүйүнү»;
  •  «Чакан ГЭС» ААК;
  • «Кыргыз энергетикалык эсептик борбору».

Ушул эле маалда акыркы эки акционердик ишкананын баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик пакети  100%, калгандары – 80.49% берилип жатат.

Коомдук ишмер мамлекеттик пакеттин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилишине каршы болуп, абсурд деп чыкты.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддунун ээлик кылуу формасы менчик. Ал жеке компания катары саналат. Нонсенс жана абсурд, анткени жеке менчик компанияга баардык  мамлекеттик, республикадагы ишканаларды кожоюндук кылуусу туура эмес. Алтургай, жеке компания энерго активдерди башкарууда» – деп билдирди Умбеталиев.

 2016-жылы 30-сентябрда  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду  менен Улуттук энерго холдинг дароо эки документке кол коюшкан. Анда холдингдин  баштапкы капиталындагы баалуу кагаздарды, ошондой эле «кошумча акция чыгарууга» макулдашып, ага ылайык Улуттук энергохолдинг тендерде жеңүүчү болгон «ФК «Сенти» ЖЧК андеррайтинг компаниясы менен баалуу кагаздардын эмиссиясы боюнча келишимге кол койгон. Демек,  (андеррайтинг жаңы баалуу кагаздардын эмиссиясын  кийин сатып алуу максаты каралган).

Эксперттерди кооптонусу энергетика  тармагындагы активдердин жеке уюмдарга берилиши, улуттук коопсуздукка  жана кыргыз мамлекетине терс таасир этерин эскертет.  

«Ким ГЭСке ээлик кылса, ал сууэнергетикалык ресурстар байлыктарын башкарат. Токтогул ГЭСи көп жылдан бери топтолгон сууну сактаган жана жөнгө  салган стратегиялык объект. Эгерде ГЭС сатуу каралса, анда биз бир гана улуттук коопсуздук эмес, бүтүндөй кыргыз мамлекетине залакасын тийгизебиз.  Акыркы активдердин сатылышы  бул алардын баасы жогору. Анткени, алардын баасы  Кыргыз Республикасы менен тыгыз байланыштуу» – деп билдирди ал.

Коомдук ишмер КР президенти Сооронбай Жээнбековду «бул миң жылдыктагы укмуштуудай афераны токтотууга» чакырып, эгерде « Кумтөр ХХ кылымдагы афера болсо, Датка – Кемин –  курулушу жана менчиктерилиши бул XXI ири афера, анткени, энергетикадагы активдерди жеке колго сатуу –  миң жылдык афера. Ал биздин мөңгү, суу ресурстары, баардык ГЭСтер менен байланыштуу».

мындан тышкары Умбеталиев Улуттук энерго холдингди жоюп, баалуу кагаздарды  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кайтарып алып, бул фондун жеке менчик формасын мамлекеттик деп өзгөртүүгө чакырды. Антпесе, КР 6 млн жаран менен бир гана аба каларын эскертти.  

Тэги: Токтогульская ГЭС гидроэнергетика Нацэнергохолдинг ФУГИ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу