Кыргызстандын Өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги бизнести колдоо программасынын алкагында дүң жана адистештирилбеген соода ишканасына жабдууларды алып келүүгө тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердик баасы 23,2 миллион сомду түзөт.
Бул акчага "Туран Групп" ЖЧКсына эки акустикалык тоңдургуч камерасын жеткирүү пландалууда.