Унааларга ишеним катты өзгөчө абал аяктагандан кийин узартса болот

13.04.2020, 16:10 Акчабар
Унааларга ишеним катты өзгөчө абал аяктагандан кийин узартса болот

Кыргызстандык айдоочулар унаасынын ишеним катынынын мөөнөтүн өзгөчө абал аяктагандан кийин биринчи иш күнүндө узарта алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, учурдагы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу «Унаа» мекемеси унаа каражаттарын каттоо боюнча кызмат көрсөтүүсүн токтоткон. Ошол эле учурда жарандардын жана юридикалык жактардын унаасынын ишеним катынын мөөнөтү аяктаган учурлар бар.

«Эгер документтин мөөнөтү аяктаган күн жумуш эмес күнгө туура келсе, анын мөөнөтү аяктаган күн жакынкы боло турган иш күнү болуп эсептелет. Унаа каражатынын ишеним катынын мөөнөтү өзгөчө абал учурунда аяктаган жарандар жана юридикалык жактар каттоону өзгөчө абал аяктагандан кийин "Унаа" ишканасынын бөлүмдөрүнүн биринчи иш күнүндө жасай алышат», - деп билдирет Каттоо кызматы.

Тэги: Айдоочу ишеним кат Кыргызстанда өзгөчө абал өзгөчө абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу