«Air Astana» авиакомпаниясына 7 млрд теңгеге жакын айып пул салынды

09.06.2023, 17:46 Акчабар
«Air Astana» авиакомпаниясына 7 млрд теңгеге жакын айып пул салынды

«Эйр Астана» авиакомпаниясына 7 млрд. теңгеге жакын айып салынды. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги өлкөнүн Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигине таянып билдирди. 

Маалыматка ылайык, элдер авиабилеттердин баасы (жайкы каникулда) суроо-талап күчөгөн маалда көтөрүлүп жатканына нааразы болууда. Мындан улам Казакстандын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттиги Транспорт прокуратурасы менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзгөн. 

"Эйр Астана” авиакомпаниясынын өзүнүн аба транспорту рыногундагы үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Компания ар бир билеттин баасынан күйүүчү майларды негизсиз өндүрүп алган. 2023-жылдын 8-июнунда Алматы шаарынын административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык соту “Эйр Астана” авиакомпаниясына 6,7 млрд. теңге административдик айып салды”, - деп айтылат маалыматта. 

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. 

Ал арада аба компаниясы агенттиктин бул аракетин мыйзамсыз экенин билдирди. 

"Агенттик тарабынан көрсөтүлгөн мыйзам бузуу күйүүчү майга жыйымдарды өндүрүүгө гана байланыштуу жана негизсиз. Биринчиден, авиакомпаниялардын күйүүчү май алымын өндүрүүсү мыйзамдуу укук болуп саналат. Бул тууралуу "Казак Республикасынын Мыйзамында" көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул норма колдонуларын мекеме өзү бир нече жолу билдирди. Мындан тышкары, административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча соттук отурумдар көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен өткөн. Авиакомпания сот актысы боюнча даттанат”, - деп айтылат “Air Astana” авикомпаниясынын жума күнкү билдирүүсүндө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу